www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Садыр Жапаровду Эгемендик күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандыктарды жана президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Орусиянын президентинин расмий сайтында айтылат.

«Биздин мамлекеттердин ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык негизде өнүгүп келет. Ар кыл багыт боюнча конструктивдүү кызматташтык, саясий диалог түзүлүп, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында натыйжалуу иштешүүдөбүз. Биргелешкен аракет менен кыргыз-орус байланышын арттыра беребиз деп ишенем», — деген ал.

Ошондой эле Путин президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакыт жана өнүгүп-өсүүнү каалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости