www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Иранга жасаган соккусу кооптуу эскалация жана тынчтыкка, коопсуздукка түз коркунуч жаратарын билдирди. Анын билдирүүсү уюмдун сайтында жарыяланды.
Гутерриш АКШнын Иранга каршы күч колдонуусуна терең тынчсызданып жатканын айтып, жаңжал тез эле көзөмөлдөн чыгып, карапайым калк, аймак жана дүйнө үчүн катастрофалык кесепеттер жараларын айтты.
"Мен мүчө мамлекеттерди деэскалацияга, БУУнун Уставына жана башка эл аралык мыйзамдарга ылайык, өз милдеттерин аткарууга чакырам. Бул кооптуу учурда башаламандыктан качуу зарыл. Аскердик жол менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Бир эле жол бар – ал дипломатия", – деп айтылат Башкы катчы билдирүүсүндө.