www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк объектилерине каршы операциялардын жыйынтыгы боюнча Ак үйдөн элге кайрылуу жасады.

Америка лидеринин айткандарынын урунттуу учурлары:

Соккунун максаты Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө болду;

Ирандын уранды байытуу боюнча негизги объектилери толугу менен жок кылынды;

Эми Тегеран тынчтык келишимин түзүшү керек;

Иранга жасалган кийинки чабуул мындан бир кыйла катуу болушу мүмкүн;

Ирандын Кошмо Штаттарга каршы бардык аракеттерине олуттуу жооп болот.

"Же тынчтык орнойт, же Иран биз сегиз күндө күбө болгондон бир топ олуттуу трагедияга туш болот. Дагы көп объектилер бар экенин унутпагыла", – деген Трамп.

Ошондой эле ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга ыраазычылык билдирип, алар ишти буга чейинки эч бир командага окшошпогондой аткарышканын айткан.

22-июнда эртең менен Трамп АКШнын аскердик аба күчтөрү Ирандын үч өзөктүк объектиси – Фордо, Натанз жана Исфаханга жасаган операциялары ийгиликтүү аяктаганын билдирди.

Последние новости