www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас менен геноцидчи Израиль Газа тилкесиндеги ок атышпоонун алкагында жетинчи туткун алмашууга даярданууда.

Газа тилкесиндеги ок атышпоонун алкагында жетинчи туткун алмашуу эртең болот. Хамас эртең барымтадагы 6 израилдик эркекти бошотот. Сөз болуп жаткан туткундардын аты-жөнү да жарыяланды.

Хамас буга жооп катары 602 палестиналык туткундун бошотулушун күтүүдө. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Газада ок атышпоо келишими 19-январда күчүнө кирген. Ушул алкакта Израиль менен Хамастын ортосунда бүгүнкү күнгө чейин алты жолу туткун алмашуу ишке ашырылды.

Жалпысынан 1135 палестиналыктын ордуна 13 израилдик бошотулган.

Последние новости