www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Газадагы кризистин эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен гана чечиле аларын айтты. Бул тууралуу трт.нетбилдирди.
Сергей Лавров Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында өткөн Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.
Дүйнөдө чыңалуу болгон жерлердин көбөйгөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Лавров : «Чечилбеген Палестина маселеси бир гана Газада эмес, Ливан, Сирия жана Йеменде да зордук-зомбулуктарды арттырды. Акыркы 1,5 жылда 47 миң палестиналык Араб-Израиль кагылышууларынын натыйжасында каза болду. Бул Экинчи Дүйнөлүк согушунан бери эң жогорку сан. Маселе бир гана эки мамлекеттүү формула менен чечиле алат. Израиль менен тынчтык жана коопсуздук ичинде жашай ала турган көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушу менен мүмкүн»,- деди.
НАТОнун Ирак, Ливия, Афганистан жана Сириядагы аракеттеринин «эл аралык террор коркунучун арттырганын» белгилеген Лавров : «Дүйнөнүн бардык жериндеги террордук топтор Украинадан чыккан батыштын куралдары менен азыктанууда",- деди.
Министр Лавров көп уюлдуу дүйнө тартибинде гегемонияга жана блоктук саясатка орун берилбеши керектигине басым жасап: «Батыштын жаңы күч тең салмактуулугун кабыл алып, башка өлкөлөр менен өз ара урмат - сыйдын негизинде карым-катнаш түзө баштоого убакыт келди»,- деди