www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болду. Бул тууралуу  Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, алар 1992-жылы туулган М.у.Т. жана 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу (жубайлар) Кыргызстандын жарандары болгон.

Элчиликтин кызматкерлери Якутск шаарындагы кеңседе маркумдун тууганы менен кездешип, каза тапкандардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлүп, документтерин кабыл алышкан.

Каза болгон жубайлардын артында бир баласы калды. Ага Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасы кам көрөрү белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости