www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Москва "оор учурду" башынан кечирип жатканын белгилеп, "жамааттык Батыштын Орусияга каршы конфронтациясы" жөнүндө айтты.
"Сиз үчүн 2021-жыл парламенттик шайлоонун жылы болду. Жамааттык Батыштын Орусияга каршы конфронтациясына байланышкан оор учурларга байланыштуу азыр сизге жеңил эмес экенин көрүп турам", — деп жазды Кремлдин сайты Назарбаевдин сөзүн.
Ошол эле маалда Назарбаевдин расмий сайтындагы бул жолугушуу тууралуу билдирүүдө "конфронтация" жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Elbasy.kz онлайн-басылмасы жолугушууда Назарбаев менен Путин "аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашканын" жазды.
Өтүп бараткан жылы орусиялык саясатчылар менен расмий адамдардын Казакстандын аймагы, андагы орус тилинин макамы жана абалы тууралуу бир нече жолку терс билдирүүлөрүнө карабастан, Назарбаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди "үлгүлүү" деп атады.
Казакстандын экс-президенти КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммити өтүп жаткан Санкт-Петербург шаарына Путиндин чакыруусу менен барган. Маалыматка караганда, Казакстандын экс-президенти Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органы болуп эсептелген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы катары чакырылган. Назарбаев кеңештин ардактуу төрагасы болуп 2019-жылы, президенттик кызматтан кеткенден эки ай өткөндөн кийин шайланган.
Казакстандын Конституциясына ылайык, Нурсултан Назарбаев мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоочу эң жогорку кызмат адамы болуп саналат. Саясий серепчилер Назарбаев отставкага кеткени менен мамлекеттик аппараттын рычагдарын сактап, өтө кеңири ыйгарым укуктарга ээ экенин айтып келишет.
Москва менен Батыштын мамилеси Орусия Крымды аннексиялап, Донбасстагы куралдуу кагылышууларга кийлигишкенден кийин кыйла начарлап кеткен. Расмий Нур-Султан Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааныган эмес.
Булак: NazarNews.kg