www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Жазык кодексинин 2-бөлүмүнүн 319-беренеси ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Райсот саясатчыга 280 миң сом айып салган. Мындай чечим 24-декабрда чыккан. Каражат мамлекеттин эсебине которулат.

Эске салсак, Баатырбеков Бороновдун өкмөтү иштеп турганда биринчи вице-премьер болчу. 2021-жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости