www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары 1-январдан тарта өлкөдөн чыгарылып, аларга иш бергендер да айыпка жыгылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтында кабарланды.

Анда айтылгандай, президент тарабынан эмгек мигранттары үчүн кабыл алынган убактылуу чаралардын мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктайт. 2020-жылдын мартынан бери жети миллиондон ашык чет элдик уруксат алган, алардын 1,5 миллиону Орусиянын аймагында жүрүү үчүн каттоодон өткөн.

Ошондой эле иштөө үчүн уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандар 31-декабрга чейин ички иштер органдарына кайрылышы керектиги жазылган. Ал эми чет элдиктерди жумушка алган иш берүүчүлөр дагы укук коргоо органдарына үч күндөн кечикпей маалымат берүүгө тийиш.

Мыйзамсыз иштегендер үчүн айып пулдун суммасы беш миң рублге чейин жогорулашы мүмкүн. Кийинки жылдан тарта аларга карата Орусиядан чыгаруу жана кайра кирүүгө тыюу салуу чаралары көрүлөрү айтылды.

"Чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жумушка алган иш берүүчүлөргө 800 миң рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн", ― деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги 29-декабрдан тарта эмгек мигранттарына чип орнотулган карта түрүндө патент берилерин айткан эле. Чипте жарандын электрондук сүрөтү жана манжа изи болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости