www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ири орусиялык интернет-ресурстар, анын ичинде – Яндекс, Вконтакте жана Одноклассники президент Петр Порошенконун жарлыгы менен жабылат. Ресурстарга ээлик кылган компаниялар санкциялык тизмеге киргизилди.
Жарлыкка ылайык, провайдерлер үчүн үч жылга Mail.ru, Вконтакте (vk.com) жана Одноклассники (ok.ru) сервистерине кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Яндекс сайтынын бардык ресурстарына (yandex.ua, yandex.ru), Касперский Лабораториясы жана Доктор Веб антивирус компанияларына дагы бөгөт коюлат.
Өлкөнүн маалымат саясаты боюнча министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.
Бул ресурстар Украинада азырынча иштеп жатат.
Жарлык Украина президентинин сайтында 15-майда жарыяланган. Бул Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин 28-апрелдеги санкциялык тизмелерди кеңейтүү боюнча чечиминин аткарылышын шарттайт. Жарык жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Булак: "centralasian.org"