www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Мангистоо облусундагы Oil Construction Company (OCC) мунай компаниясынын кесиптик кошуун төрагасы Амин Елеусинов эки жылга соттолду. Мүлкү мамлекеттин карамагына өтүп, профсоюздук ишмердүүлүк менен алектенүүгө беш жылга тыюу салынды.
Өкүм бүгүн Астананын Алматы райондук сотунда окулду. Сот Елеусиновдун буга чейин соттолбогону, өкүнгөнү, жана күнөөсүн мойнуна алгандыгы өкүмдү жумшартууга негиз болгону билдирди.
Елеусинов анда Мангистоо облусундагы мунай компаниясынын жумушчулары менен бирге Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясынын жоюлушуна каршы чыгып, ачкалык акциясына катышкан.
Сот андан тышкары Елеусиновго уурдалган делинген 8 миллион тенгени төлөтүү өкүмүн чыгарды.
Прокуратура менен айыпталуучунун ортосундагы макулдашууга ылайык, Амин Елеусинов профсоюз акчасын уурдаганын жана полицияны мазактоо, ага баш ийбөө жана зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча күнөөлөрүн моюнуна алууда. Макулдашууга ылайык, ал ошондой эле 2018-жылдын майына чейин 8,2 млн. тенге төлөп бериши керек болот. Прокуратура бул макулдашуунун алкагында 6,4 млн тенгенин уурдалышы боюнча айыптоолордун бир бөлүгүнөн баш тарткан.
Булак: "centralasian.org"