www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония чет элдик жарандарга виза берүүнү токтотту

Япония дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына өлкөгө кирүү визаларын берүүнү токтотконун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга 28-декабрь күнү расмий түрдө коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болушуна байланыштуу калктын коопсуздугун коргоо боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына кирүү визаларын берүүнү токтотконун билдирген. Мындай чаралар келерки жылдын январь айынын аягына чейин күчүндө болот.

"Бул учурда узак мөөнөттүү визасы бар чет өлкөлүк жарандар гана өлкөгө кире алышат. Алар аэропорттон да текшерүүдөн өтүшүп, 72 сааттын ичинде чек ара бекетинде COVID-19га тапшырган анализдин жыйынтыгы терс болгонун тастыктаган документерди толтурушат", - деп жазылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости