www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын баш калаасы Токиодо негизги темир жол линиясында бычакталып, өрттөлгөн адам оор абалда калган. Бул тууралуу www.bbc.com жазып чыкты.

Шаардын батыш четиндеги Кокурёо станциясында кечки саат 20:00 (GMT 11:00) чамасында болгон окуяда кеминде 10 адам жаракат алды. Кол салууга шектелген 20 жаштардагы адам окуя болгон жерден кармалган.

NHK телеканалы тараткан видеодо вагондун ичи түтүн жана жалынга толгондо, адамдар поездден качып баратканын көрүүгө болот.

Япония дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн бири болгонуна карабастан, акыркы жылдары бычак менен кол салуулар бир нече жолу катталган. Август айында Токионун темир жол станцияларында эки башка окуя болуп, бир нече адам жаракат алган.

2019-жылы бир адам Кавасакиде автобус күтүп турган мектеп окуучуларынын тобуна да кол салган. Эки адам каза болуп, кеминде 18 киши жарадар болгон.

Маалымат www.bbc.com сайтынан кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости