www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн 17-20-апрель күндөрүнүн аралыгында АКШга сапар жасай турганын жарыялады.

Абэ, Трамптан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болушу пландалган жолугушууда өткөндө Түндүк Корея уурдап кеткен Япониянын атуулдары темасын күн тартипке алып чыгуусун сурана турганын айтты.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын лидерлери 27-апрелде жолугушууну пландап жатат.

Ким Чен Ын менен Трамптын ортосунда боло турган жолугушуунун болсо азырынча күнү такала элек, ал эми жолугушуунун май айында болушу пландалууда.

Ким Чен Ын алгачкы чет өлкөгө сапарын өткөн аптада Кытайга жасады жана Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолукту.

Ким кечээ Түндүккө келген жана арасында Ред Вельт жана Сеохюн сыяктуу топтор да орун алган түштүк кореялык эстрада жана рок жылдыздарынын концертин көрүп, искусство чеберлери менен сахнанын артында жолугушту.

10 жылдык мөөнөттөн кийин алгач ирет музыканттардан турган делегациянын Пхеньянга келгени маалымдалды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости