www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында Кара-Буура районунан келген 40тан ашык айдоочу Транспорт министрлигине нааразы болуп, облустук администрацияга келди. Чогулгандардын бири Дайырбек Эрмурзаев «Азаттыкка» чогулгандардын талабын мындайча түшүндүрдү:

- Биз негизинен айылга шагыл таштарды ташыйбыз. Анан таразаны көзөмөлдөгөндөр "жүктү белгиленген ченемден ашырып жатасыңар" деп айыппул салып жатышат. "КамАЗда" үч катар дөңгөлөк бар да. Алдыда бир катар, артта эки катар дөңгөлөк бар. Ошондо алдынкы окто кабина эле болот, жүк дээрлик салынбайт. Булар болсо "алдыңкы окко 10-12 тонна жүктөй бергиле" деп атат. Жок дегенде алдын сегиз, артын 12 тонна жүктөгүдөй кылып берсе жакшы болот эле. Жалпысы 24-25 тоннага эле уруксат берсе болмок. "Алдыңкы окко 12, артына сегиз тоннадан жүк ташыганга уруксат" деп атышат. Алдына болсо 4-5 тонна эле жүк батат.

Чогулгандарды өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, маселени өкмөттүк деңгээлде чечиш керек экенин айтты. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости