www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«ТЭЦ боюнча экс-президент атайын даярданып келгени көрүнүп калды. Кагаздарды көрсөтүп атат, суммаларын айтып атат. Анан эң өкүнүчтүүсү, Алмаз Шаршеновичтин оозунан мындай сөз чыккан жок: «Чын эле биз сот реформасын баштадык эле, көп нерсени жасадык, бирок аягына чыккан жокпуз. Ушуну абдан туура кылып атат, ал жерде коррупция бар» деген сөз чыккан жок. Эң өкүнүчтүүсү ушул. Себеби, чынында эле Алмаз Шаршенович же болбосо КСДПнын активдүү мүчөлөрү көрбөсө, эл көрүп атат да, негизги коррупция, негизги ыпылас иштердин баары ошол укук коргоо органдарында болуп атат. «ТЭЦке менин тиешем жок, ал боюнча тендерлерди Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн» деген бул чоң күнөө. Эми Сооронбай Шарипович ТЭЦке өзүнүн тиешеси жоктугун далилдеп туруп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш керек, же болбосо эл «Атамбаев туура айткан турбайбы» деген ойдо калат», - дейт Акматалиев.
Ооба, Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схемалар учурда талылуу маселе болуп турганы чындык. Кыязы, дал ушул көрүнүш дагы экс-президенттин саясатка кайрылып келишине аргасыздык жараткан болушу мүмкүн. Эгерде алдын-ала чыгып, актануу аракетин көрбөсө, анда эртең өзү дагы кече өзү «Коррупционерлердин орду түрмөдө» деген тизмеге кирип калышын бөркүндөй сезип турат.
Мындай тирешүүлөрдүн жакшы жагы да бар экенин коомдук ишмер мындайча билдирет: «Мунун жакшы жагы да бар. Себеби, саясат өзгөрүш керек, күчөш керек, системдүү реформа болушу керек укук коргоо органдарында, мына ушуга түрткү болуп берет»., - деп жазат http://telegra.ph.
Булак: NazarNews.kg