www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ваннада окуучу телефон карап жатып ток уруп каза болду

Орусияда ваннадагы сууда телефонун кубаттагычка сайып алып жаткан өспүрүмдү ток уруп каза болду. Бул тууралуу өспүрүмдүн апасы жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы өспүрүм 10-январда каза болгон.

"Телефон кубаттагычта сайылуу бойдон курсагына бир нече секундга гана түшкөн. Балам аны жерге ыргытууга үлгүргөн, бирок кеч болуп калды", - деген өспүрүмдүн апасы.

Өзүнүн кайрылуусунда ал ата-энелерди балдарына ваннада телефонду колдонууга тыюу салууга чакырып, башка адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз окуясын жайылтууну өтүнгөн
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости