www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япон эли үчүн жүрүм-турум сыяктуу мамилелердин канчалык маанилүү экендигин билебиз. Мындай мамиле, жүрүм-турум бүтүндүгүн аларга адатта кичине кезинен тартып үйрөтө башташат. ceotudent.com сайты ата-энелер үчүн жиберилген Япониядагы балдарга карата 18 пункттан турган тизмени жарыялаган. Бала тарбиялоодо бул тизменин пайдасы зор деген ишеничте кыргызчалап, бөлүшүүнү туура көрдүк.

  1. Бирөө сүйлөп жатканда көңүл коюп ук
  2. Адамдарга салам бер, суроолорго так жана угула турган үн менен жооп бер
  3. Отургучка ыңгайлуу түрдө отур
  4. Бирөөгө тиешелүү буюм сеники эмес экендигин бил
  5. Бут кийимди чечкен соң, өз ордуна кой
  6. Кийимдериң кир жана бырыш болбосун
  7. Столду жана айланаңды таза карма
  8. Кечинде эрте жатып, эрте турганды үйрөн. Мындай жоопкерчиликке көн
  9. Эртең мененки тамакты жакшы же
  10. Тишиңди дайыма жууп жүр
  11. Эч качан калп айтпа
  12. Эч кимди четке какпа, эч кимди андай абалда калгандай сездирбе
  13. Бирөөнүн көйгөйү болсо, жардам бер
  14. Бирөө жөнүндө жаман сөз айтпа
  15. Адамдар менен тил табышканды, ойногонду жана бир нерсе үйрөнгөндү көндүмгө айлант
  16. Жалгыз ойнобо. Башкалар менен ойной алгыдай жакшы мүнөздө бол
  17. Эшикке чыгып, таза аба алуу үчүн, ошол эле убакта көбүрөөк кыймыл жасоо үчүн ойно
  18. Туура эмес кылсаң, дароо кечирим сура

Булак: NazarNews.kg

Последние новости