www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуунун пайдасы

Ийгиликтүү адамдардын эң маанилүү көндүм-адаттарынын бири күндөлүк жазуу экени көп маалыматтарда айтылып келет. Ар бир эле ишти баштоодо дароо ийгиликтүү болуп кетүү мүмкүн эмес, албетте. Акырындап отуруп, көндүмгө айланат эмеспи. Жазууга акырындап көнүүнүн оңой ыкмалары бар, кызыккандар үчүн табылгыс сунуштар.

  1. Өздүк дисциплина

Жыргап жашоо эң эле жөнөкөй нерсе. Дайыма эркин жүрүү дагы оңой. Бирок, мындай жеңил нерселер жан дүйнөбүздү канааттандырбайт. Баалуу мүнөттөрдө пайдалуу иштерди жасабаганыбыздын себеби өздүк дисциплинанын жоктугунда. Эгер ар күнү жазсаңыз, дисциплинаны арттырасыз. Жашоодо алдыга койгон ар бир нерсеге жетүү үчүн жакшы дисциплинанын пайдасы зор.

  1. Ишендирүү жөндөмүңүздү өнүктүрүңүз

Жазуу, окурманды сөздөр менен ынандыруудан башка эч нерсе эмес. Бирок, куралдарыңыз чектүү. Бир окуяны түшүндүрүү үчүн сөздөрдү гана колдоно аласыз. Өзүңүз үчүн жазып жатканда, өзүңүздү ойлоруңузга ынандырууга аракет кыласыз. Демек, канчалык көп жазсаңыз, ошончолук ишендирүү жөндөмүңүз артат

  1. Өзүңдү таануу

Ойлоруңузду сөздөргө айландыруудан башка бир дагы нерсе өзүңүздү таанууга жардам бере албайт. Ар күнү жазууга мажбурлаган сайын ойлоруңузду дагы да жакшы аңдап, өзүңүздү мурункудан жакшы тааный баштайсыз.

  1. Туура чечим чыгаруу

Эмнеге кылып жатканыбызды жакшы түшүнө бербеген иштерди жасай беребиз. Карап көрсөк, бир чечим чыгарган соң “Ушуну неге минттим экен?” деп өзүбүзгө сурап, “билбейм” деп жооп беребиз кайра. Баарын билбейбиз, албетте. Ал эми жазуу акыл-эсти жөнгө салып, ойлорубузду кайрадан карап чыгууга шарт түзөт. Ошентип, чечим чыгарууда ката кылбаган болосуз.

  1. Аракеттин күчүн көрүү

Дайыма бир ишти жасап жатып, ошол маалда кандайдыр бир айырмачылыгын көрө албайбыз. “Эмне пайдасы бар?” деп ойлонуп, жыйынтыгын дароо көрүүгө ашыга беребиз. Бирок, жасаган ишти узак убакыт улантканда, оң жактары билине баштайт. Ар күнү жазуу, бир канча убакыт өткөн соң сизге бүтүндүн бөлүктөрүн көрсөтө баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости