www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Осмон:

NazarNews.kg маалымат агенттиги  белгилүү журналист жана түрколог Манас Осмон экөбүз бул сапар БШК менен Кыргызстан партиясынын тегерегиндеги чырга окурмандардын  көңүлүн бурдук. Окуянын күңгөй, тескейине баам салдык.

- Мына, өзүңүз да күбөө болгондой, 24-августагы окуя кыргыз коомчулугунун көңүл борборунда турат. Кыргызстан партиясы боюнча БШК туура  чечим чыгарды деп ойлойсузбу ?

- Негизи, БШКнын койгон талаптарын шайлоого аттанып аткан партиялар мыйзам катары кабылдашы  керек. Ал окуя боюнча чыккан чечим менин көз карашымда туура. 18:00 дө документтер тапшырылып, каттоо дептерине кол коюлган эмес. Партиянын өкүлү деп дептерде аял кишинин аты жазылып турат бирок, документтерди кечигип алып келген эркек киши. Муну БШК видео көрүнтү аркылуу деле тастыктап берип, мүчөлөрү менен кеңешип, анан, туура чечимин чыгарып берди деп ойлойм. 

- БШКнын чечимин Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Азыр коомдо эки анжы пикирлер пайда болуп атат. Ошондо, кайсы органдын чечими мыйзамсыз? 

- Ага чекитти Жогорку Сот коёт. БШК тараптан жабырлануучу катары Кыргызстан партиясы укуктук талаада акысын талашканга толук укугу бар.

- Жогорку Сот партиянын даттануусун канаттандырса, БШКнын толук курамы тарашы керекпи?

- БШК өз чечимин укуктук талаада толугу менен коргойт. Албетте, алар да, мыйзамга карап, юристтери менен кеңешип анан, чечимин чыгаргандыр. Эгер Жогорку Соттон утулуп калса, шайлоо босогосунда туруп, тарап кетишпесе керек. Бирок, сөзсүз бир күнөөкөр табылып, ошол жазаланат. 

- Шайлоо чыр менен башталды окшойт. Бул шайлоонун жыйынтыгына кедергисин тийгизбейби?

- Бул жөн эле шылтоо. Карышкыр койду жесе  жебесе, оозу кан дегендей эле маселе. Шайлоодон кийин бирөө сүйүнөт, бирөө капаланат. Бул эми бүт эле өлкөлөрдөгү көнүмүш адат. Бирок, шайлоо алдындагы ушул чыр БШКнын курамына  көлөкө түшүрөт. БШК өз чечиминде туура кадам жасаганын билип турушса да, биздин коомдун сүрөмө адаты ушундай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости