www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев:

Буга чейин Кыргыз Эл артисти, ырчы Саламат Садыкованын “Нарын менен Ат-Башы кытайлашып кеткен” деп айтканы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратып, ырчы кечирим сураган. Ал эжерде тамаша иретинде эле айтылганын кесиптеш, санаалаштары жазып чыккан эле.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев КРнын Эл артисти Саламат Садыкова үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу туугандар!

Саламат Садыкова эженин тамаша иретинде дем алуу маалында айтылган сөздөрүнө терикпеңиздер. Эжем үчүн мен кечирим сураймын, себеби Саламат Садыкова деген ысым Кыргыздын бешенесине бүткөн улуу таланттардан.

Адашып сүйлөп коюптур, баарыбыз деле пендебиз, туура түшүнгүлө, кадыр-барктуу кызыбызды тебелей бербейли, урматтуу Кыргыз элим», – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости