www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония коронавирусту өлтүрүүчү коопсуз ультрафиолет лампаларын чыгарууну баштады. Care 222  ультрафиолет лампаларын япониялык Ushio Inc. компаниясы өндүрө баштады, бул адамдын ден-соолугу үчүн коопсуз. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган компания жарык берүүчү жабдууларды чыгарууга адистешкен. Бул чыракты жайларды дезинфекциялоо ( адамдардын көзүнчө) үчүн колдонсо болот деп болжолдонууда. Кадимки ультрафиолет лампаларынан айырмаланып Ushio компаниясы чыгарган жаңы 222 нанометрдик толкундарды бөлүп чыгарган лампа адамдар үчүн коопсуз, бирок коронавирусту өлүмгө алып келет.

Аны лифттерде, поезддерде, автобустарда, кеңселерде, дүкөндөрдө жана башка жерлерде колдонсо болот.

Ал эми чырак 3 метр квадрат аянттагы вирустардын 99 пайызын алты мүнөттө 2,5 метр аралыктан зыянсыздандырууга жөндөмдүү. Биринин баасы болжол менен 2 миң 860 долларды түзөт.

Белгилей кетсек, учурда компания өндүрүштүк чектөөлөргө байланыштуу лампаларды медициналык мекемелерге гана сатууну болжолдоп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости