www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков автокырсыкка учураган ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

-Аселдин ден соолугу жакшы болуп калды. Кечээ эле жолдошу менен бизге келип көрүнүп кетти. Акыл эси ордунда, бетинин баары жакшынакай болуп айыгып калды. Өзү эле жакшынакай басып жүрөт- деди Сабырбек Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

🙏👍🏻

Публикация от Теневая растушевка 😍 (@jyldyzdar.beauty.bishkek)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости