www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-жыйынында видео кайрылуу жасады. Кошмо Штаттардын лидери анда Кытайды коронавирус пандемиясы, эл аралык макулдашууларды сактабаганы боюнча айыптады.

Трамп өз сөзүндө «Кытай вирусу» деген сөздү дагы колдонду. Эл аралык коомчулукту «ушундай тумоону» таратканы үчүн Бээжиндин жоопкерчилигин кароого чакырды. Трамп «Кытай оору жаңыдан жайыла баштаганда эл аралык каттамдарды жаппай коюп, илдеттин жайылып кетишине өбөлгө түзгөн» деп билдирди.

Ошондой эле ал  БУУда COVID-19 боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) да күнөөлөдү.

Трамптан кийин сөз сүйлөгөн Кытайдын өкүлү АКШнын дооматтарын «таптакыр негизсиз» деп четке какты.

Белгилей кетсек, Трамп видео кайрылуусун Вашингтондо, Ак үйдө алдын-ала жаздырып койгон. Башкы Ассамблеяда сөз сүйлөгөн дүйнө лидерлеринин баары ушундай ыкманы колдонгон. Май айында эле БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш мамлекет башчыларын Нью-Йоркко келбөөгө, видео кайрылууларын алдын-ала жөнөтүп коюуга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости