www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөттүн маданият министри Рыскелди Момбековдун “төө көтөргүс” жүгү бар. Анткени, агентчиликке  айланып калган маданиятты министрлик кылган. Анын “кудайы” ким деген суроо жаралат. Катаниден аркысын койо туралы, беркиси айтылуу Феликс Кулов “Бириккен, Фронтту” түзүп, Бакиевдик бийликке чабуул жасаганда маалыматын жетектеген Рыске ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевден өпкөгө бир жеп өзөргөн бойдон Жээнбековду “кудай” деп калган. Жээнбековдон соң Атамбаевди “кудай” катары таанып, парламентке өтүп алган соң “кыйкырыгына” айланган. Атамбаевдин заманы ооп баратканда Рыске кемеден түшө калып Асылбек Жээнбековго далдаланайын деди эле кабыл албай коюшту окшойт. “Зындандан” чыккан Текебаев менен Чотоновду үйунө чакырып ой-да коноктоп, “кудай” кылып алды. Парламент депутаттарын Атамбаев “чимкириктер” дей турган, бирок “чимкирик” болгону менен кээ бир депутаттардын үч-төрттөн жубайы бар. Бычактын мизи менен чуркаган  Рыскелди Момбеков “кудайын” кайра-кайра алмаштырганы менен, жубайын эч алмаштырбайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости