www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониядагы круиздик лайнер карантинден чыгарылды

Коронавирус чыккан Япониядагы круиздик лайнер карантинден чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда бүгүн, 19-февраль күнү кемеден коронавирус жуктурбаган 500гө жакын адам кое берилген.

Белгилей кетсек, 3,7 миң жүргүнчүсү менен саякатка чыккан Diamond Princess кемеси, 5-февралдан бери  карантинге алынган. Себеби, кемеде эс алып жүргөн бир кишиден коронавирус чыгып, вирус башка адамдарга дагы жугушу мүмкүн деген негизде 2 жумага карантинге алынган.

Жыйынтыгында, тумоо 540 адамга жукканы маалым болду.

Эске салсак, аталган лайнерде бир кыргызстандык жаран жана 4 казак жараны бар экени белгилүү болгон. Аларга тумоо жукпагандыгы жана ден соолуктары жакшы экени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости