www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик генералына Ташиев эркекче жооп берди

Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы (буга чейин ИИМ министринин орун басары болуп иштеген), генерал-майор Абдулло Навджувоновдун акыркы кызматына киришер замат эле алгачкы ирет өткөргөн маалымат жыйынында Баткен облусунун аймагы тажиктердин жери болгондугу, эч качан кыргыздардын жери болбогондугу тууралуу билдирүүсү кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратууда.

Тажик генералынын бул чагымчылдык сөзүнө КРнын ТИМи да жооп кайтарып, Тажикстандын элчисин чакырып, нота берген. Азырынча тажик бийлиги бул жагдайга жооп бере элек. Ал эми тажик генералынын калпыс сөзүнө бир топ эле кыргыз генералдары жооп кайтарышты. Алардын ичинен генерал-майор Камчыбек Ташиев да өз оюн социалдык баракчасында төмөндөгүчө айтты: “Тиешелүү каттуу жоопту беришибиз керек. Жерге-Тал, Мургаб Кыргызстандын айылдарын, жерлерин кайтарып алуу боюнча аракеттерди башташыбыз керек!

Тажикстан менен баардык байланыштарды токтотуу зарыл. Урматтуу президент, сунуштарымды эске алып, чечкиндүү кадамдарды таштаңыз. Кашык каныбыз калганча мамлекетибиз үчүн туруп беребиз!”. Камчыбек Кыдыршаевич ошондой эле жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде бул жөнөкөй адам эмес, облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысынын, демек, мамлекеттин расмий өкүлүнүн сөзү экендигин, Тажикстанда биздегидей саясый эркиндик жоктугун, Тажикстан кечээ эле Өзбекстандын курамынан бөлүнүп чыккандыгын белгилеген. Андан ары Ташиев Тажикстандын бийлиги кыргыздар жашаган Мургаб, Жерге-Тал райондорун Лахш деп өзгөрткөндүгүн, бул аймактар Тажикстандын төрттөн бир бөлүгүн түзөөрүн да кошумчалаган.

Ошондой эле кыргыз бийлиги тажиктерге татыктуу жооп бере ала турган кадрларды коюшу керектигин да айтты. “Өзбекстан 10 жыл Тажикстан менен чек арасын жаап койгондо, сырткы дүйнөгө биз аркылуу каттап, бир сом да төлөчү эмес. Эми күн сайын биз аркылуу өтүп жаткан аткезчилик жүктөрдү токтотуу зарыл. Ал сөзүн 12- февралда айтты, бүгүн канча күн өттү. Эртең булар бизге кол салышы да мүмкүн...”.- деди К.Ташиев.

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости