www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сагынбек Уметалиевич, жакында "Ата-Мекен"партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Президенттин карманган идеясы, таянган, колдогон партиясы болуш керек. Президентти колдогон партия тартынбастан, ачык эле "биз президентти, анын саясатын колдойбуз" деп ачык-айкын иш жүргүзүшү керек, мунун эч кандай эрен-төрөнү жок" деген мааниде сөз айтты. Ушул пикир туура деп ойлойсузбу? Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Ар бир адамда жаман-жакшы деген түшүнүктөр боюнча көз караш болот да. Президенттер да президент болгонго чейин өлкөнүн өнүгүүсүн кандайдыр бир идеяга таянып ишке ашырууну көздөйт. Президенттик кызматка жеткенден кийин мыйзамга ылайык, ал партияларга мүчөлүгүн токтотууга милдеттүү. Өз партиясына тартпасын, баарына бирдей, калыс болсун деген..., бул эми туура. Бирок ал өз партиясына болушпай калганы менен эле ички дүйнө таанымы өзгөрүп, идеясын да чанып кеткен жок да. Ошондой эле анын президент болгонго чейинки партиясы да, идеясын унутуп, ишин токтоткон жок да. Текебаев ал жанагы, тымызын колдоп беребиз деп соодалашып, арасында ууру-кескиси көп, жеке кызыкчылыктарды көздөгөн, интрига менен алектенген партияларды айтып жатса керек. Эми алар, гулдөн гүлгө конгон эмне эле (?) бабочка, и-ии, ошо, көпөлөктөр да, түнкү (күлүп жибердик), анан ошолор ачыкка чыга алмак беле. Өмүрбек Текебаевдин "президентти ачык айкын колдой турган партия болуш керек" дегени туура, мен анысын колдойм. Бирок Өмүрбек Текебаевдин андай ачык айкын президентти колдогон партия жок деген сыяктуу сүйлөп жатканы туура эмес. Мен ага макул эмесмин. Анткени андай партия бар. Ал КСДП. Биз ар дайым президент Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп, ал киши биздин партиянын ветераны, биздин партиядан талапкер болгонун, социал-демократиялык идеяны терең карманган саясатчы экенин баса көрсөтүп, ар дайым айтып келе жатабызда.

- Өткөндө соцтармактарда "бөлүнүп, жаатташып аткан КСДП партиясы элдешет экен" деген маалымат чыкты эле. Анан ошого улай сиз:"Андай сөз жок, уккан эмесмин, демилгечилерди көрбөгөнүмө жылдан ашты" деген мааниде жокко чыгарганыңызга күбө болдук. Ушу окуяга түшүндүрмө бере кетсеңиз? Жана бул маселенин бүгүнкү күндө актуалдуулугу канча?

- Биринчиден, мен ал маалыматты интернеттен алганым, ал окуяга катышкандар менен ага чейин жолукпаганым, сүйлөшпөгөнүм бул 100% чындык. Муну алардан сурап тактасаңар деле болот. Бул, "ал биригүү идеясына каршы" дегендик эмес, жөн гапа констатация, факты. Андан кийин бул маселе партия ичинде талкууланды, талкууланып атат. Ал да факт. Экинчиден, биздин партиянын 1993-жылдан берки ветеран мүчөлөрүнүн бири, биздин сыйлаган агаларыбыздын бири Туйгунаалы Абдраимовдун; "Элге күлкү, душманга таба болбой, бөлүнүп чабышмайды токтотпойсуңарбы" деген маанидеги элдештирүүгө багытталган аракети, чынын айтсам, тиги тараптагыларга да биз тараптагыларга да көбүнө жагып атканы чын. Албетте эки тарапта тең өтө крайний позицияда тургандар, непримиримыйлар бар. Бирок андайлар бирин экин. Эми өзүңөр билесиңер, КСДП кечээ эле жарала калган, чөнтөк партия эмес. 25 жылдан ашык тарыхы бар, ысык-суукту башынан өткөрүп, өлкөгө үч президент берген партия. Ар бир чөлкөмдө ячейкалары, карапайым мүчөлөрү колдоочулары бар партия. Анан ошондой тарыхы бар партия Алмазбек Атамбаевдин айынан же менин айыман таалада калып унутулуп калышы керекпи? Албетте партиялаштар, баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп турат. Анан аддыда келе жаткан парламенттик шайлоо, бул чоң сыноо. Чукушуп атып катыша албай, партияга чоң кедерги келтирип алсак, кечирилгис ката болот да. Биз ошону ойлоп жатканыбыз чын. Мен ишенем, биз, биздин партиялаштар КСДПны тарых саркындысына кетирбей сактап калуунун жолун табабыз!

Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости