www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште жыйында алгачкы күн тартибине сунуш катары Жогорку соттун судьясы Сатыбалдиева Нургүл Айыповнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу долбоору каралды.

Анда президент Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу сунушун парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев: «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Сатыбалдиева Нургүл Айыповнанын Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылам», - деп президенттин кайрылуусунда айтылат деди.

Ага ылайык Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин чечими жана Нургүл Сатыбалдиеванын өзүнүн арызы бар экенин кошумчалап өттү.

Жыйынтыгында депутаттар бул сунушту колдоп, Нургүл Айыповнаны КРнын Жогорку соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости