www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Беловодск айылындагы атайын мектеп-интернатында окуучуларды сабап жатышат деген маалымат тараган.
Маалыматка ылайык, киши 9 жаштагы небересин дарыгерлердин сунушу боюнча, Беловодск айылындагы атайын-мектеп-интернатына берген. Анда эки жолу небересин көрүүгө барганда анын денеси көк-ала болгон, кулагынан жаракат алганын айтып, персонал анын сөзүнө эч кандай маани бербей жатышкан. Мектеп-интернаттын директору да эч кандай реакция кылган эмес.
Анын айтымында Москва районунун ИИБине арыз жазууга барган, бирок аны кабыл алышкан эмес.
Атайын мектеп интернатында 9 жаштагы бала сабалып, көк-ала болгон, ал эми милиция арызды кабыл албай койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармылыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 6-февралында Москва районунун ИИБисине баланын энеси арыз менен кайрылган. Жаран Беловодск айылындагы атайын мектеп-интернатында анын жашы жете элек баласы окуурун жана анын дене жаракат алганын көргөнүн билдирген. Ошого чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Уруп сабоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
“Баланын энесинин “милиция кызматкери жабырлануучунүн арызы керек” деп айтты деген сөзү боюнча чыккан маалыматты түшүндүрөбүз: Ошол эле күнү, 6-февралда аялды Москва райондук ИИБи кабыл алышат. Ал алынган маалыматка каттоо үчүн буйрук берген. Ошол учурда тергөө тобу башка участокто жүргөндүктөн, тергөө тобу келгиче балдар менен иш алып бара турган кызматкерди жерине жибергенбиз”,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта, Москва ИИБнин кызматкерлери тарабынан аталган материал боюнча сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат. Атайын экспертизалар дайындалды.
Булак: NazarNews.kg