www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва метросунда коронавирус темасында оюн уюштурган тажикстандык Кароматулло Жабборовго тагылган айып катаалдаштырылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кароматулло Жабборов баштагыдай бейбаштык эмес, атайлап уюштурулган бейташтык үчүн айыпталууда. Тергөө бул ишке бир нече киши катышкан деп эсептейт. Жаңы айыптоо боюнча Жаборов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Москва шаарынын Черемушкинский соту тажик блогерин бир айга камоо чечимин чыгарган. Ал 8-февралда кармалган.

Орусия ИИМи билдиргендей, 2-февралда Москва метросунда жаш жигит кокустан эс учун жоготуп койгондой түр көрсөткөн. Шериктери анын коркунучтуу вирустук инфекциясы бар экенин айтышып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салышкан. Кийинчерээк бул учур тартылган видеоролик Интернетте тараган.

Учурда Кытайда жайылган коронавирус 2000ден ашуун кишинин өмүрүн алды, миндеген адамдар инфекцияны жуктуруп алды.

Последние новости