www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын премьер-министри оорусуна байланыштуу отставкага кетүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Өкмөт башчынын акыркы күндөрү ооруканага эки ирет барганы айтылууда.

"Синдзо Абэ бир топ жылдан бери жоон ичегинин сезгенүүсү илдетинен жабыркап жүрөт. Дал ушул оорунун айынан ал 2006-жылы өкмөт башчылык кызматын таштоого аргасыз болгон. Дарыланган соң илдет басаңдап, кайра 2012-жылы премьер-министр болуп дайындалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Абэ акыркы текшерүүлөр маалында өнөкөт оорусу күчөй баштаганын билгени кабарланды.

"Бул илдет жанды кыйнаган оору менен коштолгондуктан, п ишке тоскоол болорун билип, кызматтан баш тартканы жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

24-август күнү Абэнин премьерликти аркалап жатканына туура 2 799 күн болгон. Бул Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган мөөнөт болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости