www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча сот 2-сентябрга жылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-августта Кой-Таш окуясы боюнча жараянды карап, кийинки сотту 2-сентябрга белгиледи. Сотко камакта отурган айыпталуучулардын баары алынып келгенин, бирок адвокаттардын биринин келбей калышына байланыштуу жараян жылганын айыпталып жаткандардын бири Кундуз Жолдубаева билдирди.

Буга чейинүч териштирүүдө абакта кармалган айыпталуучулар сотко жеткирилбегендиктен, жараяндын мөөнөтү улам артка жылып келген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу буга дейре сот онлайн өтүп, өткөн аптада аны кайра кадимки тартипте өткөрүү тууралуу чечим чыккан.

Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар айыпталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости