www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус өлкөдө мизин кайтара электигин айтып, ар бир жаран санитардык талаптарды таштап салбай аткарып туруш керектигин эскертти.

Министрдин орун басарынын айтымында, аймактардагы ооруканаларда вирустан дарыланып жаткандардын аягы сууй элек.

"Оору менен күрөш бүтө элек, бейтаптарды дарылап жатабыз. Вирус эл арасында дагы эле жайылууда. Жүргүзгөн байкоолорго ылайык, азыр бет кап тагынуу режими бузулуп бара жатат. Ага кайдыгер мамиле кылбай, ар бир адам жарандык милдетин аткарышы керек. Санитардык талаптарга да көңүл бурбагандар көбөйдү. Күрөштү токтотуу али эрте. Биз айткан кеңештерди угуп койгула!" — деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости