www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкерлер тандалды

Талапкерлер тизмесин кабыл алуу 24-августтасоңуна чыкты. БШКнын маалыматына караганда, 17 партия талапкерлеринин тизмесин тапшырган.

Ошондо: “Актив”, “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка куралдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы”, “Мекен Ынтымагы”, “Ата Мекен”, “Мекенчил”,“Бир Бол”, “Ыйман Нуру”, “Замандаш”, “Чоң казат”, “Реформа”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан” партиялары экинчи этаптан да өтүштү. Эми он күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин көздөн өткөрүп, алардын арасында конституциялык мыйзамдын талаптарына каршы келгендер барбы-жокпу, байкаштырат.

А эгер мыйзамга туура келген кылык-жоруктарга же өткөнгө ээ талапкерлер көрүнүп калса, бул тууралуу ошол партияны 24 саат ичинде кабардар кылат. Бирок ушул кезге чейин кайсы бир талапкердин өтмүшүн эл беш колундай билип, парламентти ага ыраа көрбөй турса да, БШК аны байкаган эмес. Бул сапар да “керектүү” партиялардагы керексиз талапкерлер электен тоскоолдуксуз өтүп кетсе керек.

Булак: Майдан

Последние новости