www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япон императорлук үй  - бүлөсүндө тектүү болбогон бирөө менен турмуш курарын билдирген экинчи принцесса Айако болочок күйөөсүн Япония менен тааныштырды.

Принцесса Айако деңизчилик фирмасында иштеген Кей Мория  журналисттердин алдына чыгып мамилелери жана келечек тууралуу пландарынан сөз кылды.

Алгачкы эле таанышканда Мория менен жылдызы келишкендигин айткан Айако ушуга карабастан кыска убакыттан кийин бирге тамакка барышкандарын жана тамакта колун сураганда дароо макулдугун билдирбегендигин айтты.

«Бул жылы ресторанда тамак жеп жатканда менин колумду сурады. Күтүлбөгөн жерден болду. Ошондуктан ойлонуу үчүн убакыт берүүсүн сурандым»,- деген принцесса : «Мамилебиз үй  - бүлөлөрүбүз, досторубуз, тааныштарыбыз менен бирге тереңдегенде гана чечимимди чыгардым жана сунушту кабыл алдым»,- деди.

Айако тектүү үй  - бүлөдөн болбогон киши менен үй  - бүлө курганда императорлук үй – бүлөсүнөн чыгууга мажбур болот. Ушундайча япон императорлук үй  - бүлөсүнүн мүчө саны 18ге түшөт.

Бул тууралуу сөз айтуудан качкан принцесса : «Чындыгында императорлук үй  - бүлөсү кичирейип баратат. Бирок императорлук системасы тууралуу эч нерсе айтпаймын. Бул суроолорго жооп бере турган абалда эмесмин»,- деди.

Принцесса Айако менен болочоктогу күйөөсү пресс  - жыйын өткөргөн күнү императорлук сарайы агенттиги да император Акихитонун ооруп калгандыгын жарыялады. Ошондуктан пресс  - жыйындан мурда император менен жолугуша албаса да  иператрица менен жолугушкан Айако : «Бирок улуу урматтуу менен жолугуштум жана император жана императрица жылуу жана чын жүркөтөн куттукташты. Ал куттуктоо сөздөрүн жүрөгүмдүн эң тереңинде сактагым келет»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости