www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сиз саясый эрк менен КОРРУПЦИЯ, анын ичинде СОТТОРДУН АКЫЙКАТСЫЗДЫГЫ боюнча чоң күрөш баштадыңыз. Баштапкы кадамдарыңыздан улам коомчулукта ишеним жана илгери үмүт пайда болду. 25 жылдан бери сотторго жогору жактан үстөмдүк кылган нерсе качан токтойт деген суроону ар бир кыргызстандык ушул күнгө чейин берип келди. Сиз ажо болуп келгенден баштап токтоду деп айта алам. 13 жыл мурун бийликтин таасирдүү фигураларынын сотторго берген үстөмдүгү менен “Карасуу” базарын бир күндө арыз өндүрүшкө алынып, мүлктөрү “Карасуу эл базары ЖЧКсына” мыйзам бузуу менен өткөрүлүп берилген.
Ушунча жылдан кийин Жогорку соттун акыйкат чечиминен улам “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсын өзүнүн мүлкүнө мыйзамдуу түрдө ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн алып “Карасуу” базары кайтарылып олтурат. Мыйзамдарга ылайык бул укук Жогорку Сотто кассациялык тартипте каралып, акыйкат чечим чыгарылып, биз эми сот аткаруучулар менен бирге мыйзамдардагы мөөнөттүн ичинде өз мүлкүбүзгөө толук ээ болобуз.
Ар бир бийликтин мыйзамсыз аракети, ак эмгек менен тапкан ишкерлердин мүлкүн тартып алуу заказды аткарган соттордун акыйкатсыз чечимдерин сиздин туура багыт алган саясат токтото баштады. Соттордун чечими бучкакталбай, "стрелка" жогорку жакка шилтенбей калганына өзүм күбө болдум.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизге окшогон карапайым ишкерлердин укугу корголуп, сот адилеттүүлүгү коомдо орноп жатышы бийликке болгон элдин ишенимин жаратты. Берген убадаларга бекем турган президент болдуңуз. Сиздин күрөштү колдойбуз!
ЖЧКсынын ээси Анарбай Эргешов, “Кыргыз соода биримдиги”
Булак: NazarNews.kg