www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентке илим-билимдүү, таза адамдар келсе деп, баарыбыз эңсейбиз, бирок кантип? Мисалы, Гарварддан окуган бир кыргыз Жогорку Кеңешке ат салышууну чечти дейли. Ал биринчи кезекте партия лидерине жолугуп шарттарын, жол-жоболорун сурайт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жеке фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

"Парламентке илим-билимдүү, таза адамдар келсе деп, баарыбыз эңсейбиз, бирок кантип? Мисалы, Гарварддан окуган бир кыргыз Жогорку Кеңешке ат салышууну чечти дейли. Ал биринчи кезекте партия лидерине жолугуп шарттарын, жол-жоболорун сурайт. Айылыңан эки миңден ашуун кем эмес добуш алышың керек. Ал үчүн бала бакча, көпүрө, жол ремонттойсуң, колуңан келсе бир спортзал, ФАП же мечит салдырып бересиң, бука соёсуң, той өткөрөсүң, агитаторлорду жалдайсың, анан мүмкүн болсо партиябызга 200 миң $ төгүп кой, кыскасы ушул сыяктуу иштер. Ал эми диплом, идея, программаларыңды кийин сүрөткө түшөөрдө көрсөт, кагылайын...
 Албетте, Гарварддын бүтүрүүчүсү: "Ушулардын баарын аткарып депутат болуп калсам эмнеге жетем?" - деп сурайт. "Статус, төш белги, 30 миң сомго жакын айлык, 40 миң сом фонд, бирок беш жыл бою элден тил угасың, ун, май, чай таратасың, муктаждарга кол кабыш кыласың, оорулууларга операциясына тыйын-тыпырын таап бересиң, анан көпүрө, жол, бала бакча ремонтторун да улантасың, айылыңдагы аттуу-баштуулардын жамандык-жакшылыгына калтырбай барып, кошумчаңды берип турасың ж.б. ж.б" - дегендей артыкчылык-кемчиликтери угузулат. Ушуга билимдүү адам макул болобу? Негизи эле айлык албай эле иштегиле, тескерисинче, кайрылышып тургула дегендей мамиле мандемдүү. Мамлекет болгондон кийин бюджеттин акчасын билимдүү, таза адамдарды татыктуу эмгек акы менен жалдап иштетүүгө жумшашы керек. Ошондо гана, мисалы, бир сом салып, миң сомдук пайда түшөт. Рыноктун эрежелери ошондой эмеспи. Антпесе, айлыгы аз болсо деле депутат, министр же бир салыкчы, бажычы болуп иштей берем, Мекеним үчүн жаным курман дегендерге ишенбеш керек. Дегеле, мамлекеттик кызматка кедей адам катары келип, бай болуп чыгуу акылга сыйбайт. 
Өмүрбек Абдрахманов агай айтмакчы, система оң жолго коюлса, анан ошол жерде түзүк адамдар иштей баштаса, элибиздин жашоо-турмушу тез эле өзгөрмөк. "Өзүбүздүн кулунубуз" деген шылтоо менен билимине, тажрыйбасына карабай эле, кимден көбүрөөк акча, семизирээк бука чыкса, ошону шайлай берип азыркыдай абалга кептелгендейбиз. Эгер элдин курсагы тойсо, жумуш орундары жетиштүү, эмгек акылары жогору болсо, добушту эч кимиси сатмак эмес, "кулун-пулунга" деле көңүл бурмак эмес. Добуш сатылбаса, система, эмгек акы адилеттүү болсо, билимдүүлөрдүн арты менен мамлекеттин экономикасы дүркүрөп өсүп, бюджет ашып-ташып турмак. 
Ушундай бири-бирине чырмалышкан чынжыр качан үзүлөт? Эки революция өзгөртө албады. Парламент баралына жеткиче дагы көптөгөн ушул сыяктуу шайлоолорду баштан өткөрүшүбүз керек. Мен мисалы, реформа деп эле мамлекеттик институттардын, кызматкерлердин башын кыя чабабыз дегендерге ынанбайм. Биздин шартта 350 депутат болсо, анын элүүсү гана тың чыгат, 120нын отузу гана элдин купулуна толот. Элүү депутат кылып койсок, он эле депутат активдүү иштейт. Же башка бир мамлекеттик мекемеде кыскартуу жүргүзө турган болсок, кыскаргандардын ичинде жалаң адискөйлөр, ордун сактап калгандар тааныш-билиш, дос-туугандар болуп чыгат. Билими барлар чет өлкөдөн келмек тургай, кете баштайт. Сан эмес, сапатка карай, куру убадалар эмес, натыйжага карай, бүтүндү бүлдүрүү эмес, жаратмандыкка карай багытыбыздын ачкычы каерде? Кимдин колунда? Добушуңузду сатпаңыз, билимдүүлөр бийликке келсин деген кеп-кеңештер ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго барып такалат", - деп жазган Нуракун уулу.

Последние новости