www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча сот жараяны кийинкиге калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, отурумда УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн аскерлери суралды. Алар “Р.Русланов” жана “С.Султанов” деген каймана аттар менен көрсөтмө беришти.

Жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу, процесс 16-сентябрга жылдырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын 18 тарапташы айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө каралып, өздөрү үй камагына коё берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости