www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды. Ибрагим мырза саламатсызбы, сиз бир чоң мамлекетте бакыйган элчи элеңиз. Эмне үчүн андай жакшы кызматты таштап, депутаттыкка аттанып жатасыз?

--Чынында элчилик кызмат бир чети абдан кызыктуу, бир чети абдан жооптуу пост. Андыктан мөөнөтүм бүткөнчө иштей берсем деле болмок. Бирок акыркы жылдары социалдык тармактар, анан түздөн-түз кайрылган адамдар аркылуу “жакшы кызмат берип койсо эле отура бересиңби? Кыргызстанга келип иштебейсиңби” деген кайрылуулар көп болду. Менин мурдагы депутаттык ишмердүүлүгүмдү баалаган адамдардан да ошондой сунуштарды көп уктум. Өзүм дагы ал-күчүм барында дагы бир жолу саясаттын эшигин ачайын, элдин оюн, элдин сөзүн жогору жакка жеткирип жүргөм, эми да жеткире алам деген чечимге келдим. Түркияда, Өзбекстанда элчи болуп турганда көп нерселерди үйрөндүм. Ошол тажрыйбамды Мекенимде пайдаланса болот деген ойдо депутаттыкка аттанып жатам.

--Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз?

--Чындыгында мага үч-төрт партиядан сунуштар болду. Шайлоого барарымды угуп калган партиянын лидерлери мага чалып сүйлөштүк. Баарынын эле ойлору жакшы, эч ким концепциясын, же программасын элге жаман кызмат кылайын деген ойдо түзбөйт. Баарынын эле элдин көйгөйлөрүн чечип бера алабыз деген пландары бар экен. Бирок “китептин тамгалары бирдей, жазылганда эле башкача болуп калат” дегендей, партиялардын баарынын пландары окшош, бирок аткарууга келгенде окшобой калат. “Мекеним Кыргызстандын” алдына койгон максатын, элге кылган кызматтарын, айрыкча коронавирус дарты келгенде Кыргызстан үчүн жасаган иштерин көрүп ушул партияга токтолдум.

--Жогоруда айтылгандай, буга чейин вице-премьер-министр, министр, элчи кызматтарын аркаладыңыз. Ушул кызматтарда элге кандай пайда келтире алдым деп ойлойсуз?

--Вице-премьер кезимде бир жылдын ичинде көп ишти кыйратып салдым дегенден алысмын. Мен иштеген жыл өтө оор учурга туш келди, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатты. Бүт облустарда митингдер токтобой, губернаторлор улам алмашып жаткан кез эле. Бир айда бир аким, бир жылда эки-үч губернатор алмашкан учурлар болду. Эсиңерде болсо керек, мурда персоналдык пенсия деген бар эле. Жанагы бир ай, үч ай иштеген аким, губернатор, министр, алардын орун басарлары, депутаттар кийин жаш курагы келгенде бүт персоналдык пенсияга чыгат эле. Биз ушул нерсени абдан жакшы жолго коюп, аким, губернатор, министр, депутат дегендердин баарын персоналдык пенсияга чыкчулардын катарынан алып салдык. Мамлекеттик наамы барларды, эки жолу шайланган депутаттарды гана калтырып, алардын ар бирин өз-өзүнчө категорияга бөлдүк. Бул абдан жакшы натыйжасын берди. Анткени алардын баарына персоналдык пенсия төлөнө берсе бюджетти чоң тартыштыкка алып келмек.

Мен жаңыдан Түркияга элчи болуп барганда эмгек мигранттары “биздин айлыктардан төлөнгөн салыктар Түркияда калып жатат, кийин пенсияга чыкканда кандай болот?” деген суроону коюшту. Биз алардын суроосу боюнча сунуш даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзам долбоору кабыл алынышына жетиштик. Азыр Түркияда иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе төлөгөн салыктары пенсияга чегерилет. Кыргызстанда иштеп кеткен түрк жарандарыныкы да ошондой. Бул мыйзам азырынча Кыргызстан менен Түркияда гана иштейт. Учурда Россия, Казакстан, Түштүк Корея боюнча да иштер жүрүп жатат.

Өзбекстанда болсо акыркы эки жыл иштедим. Өзүңөр билесиңер, чек аралар ачылып, бири-бири менен карым-катнаш болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыкты. Акыркы 6 айдын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга өтө көп гуманитардык жардамдар, медициналык жабдуулар, дары-дармектер келди. Азыр да келип жатат. Өзбекстан дары-дармектерди чет өлкөлөргө чыгарбоо чечимин кабыл алган. Ошого карабастан биздин фирмалар алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан да аларга гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатты. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда азыр 15 эле пайыз чечилбеген чек ара тилкеси калды. Анын да 7 пайызы оозеки бүткөн, азыр делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия анын үстүндө иштеп жатат.

--Кайра депутат болуп шайлансам кандай иштерди жасасам деген максат-пландарыңыз бар?

--Бир гана максат - элге кызмат кылуу. Чындыгын айтыш керек, көп депутаттар жакшы иштей алышкан жок. Жакшы иштеген жыйырма, балким, отуз депутат бардыр. Менин максатым – жаңы чакырылышта жакшы иштеген, кыргыз элине күйгөн депутаттар көп болсо, ошолордун катарын толтуруп, ошолор менен чогуу иштесем дейм. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар тууралуу ар кандай сөздөр айтылды, ар түрдүү аттар, лакаптар коюлду. Жакшы иштерди жасоо менен парламентти ошондой жаман аттардан кутултсам деген аруу тилек. Жогорку Кеңеш бул – чоң саясий сахна. Бирок аны театралдык сахнага айландырып алышты. Депутаттар актёрлорго айланды. Министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланды. Ал эми журналисттер театралдык сынчыга айланып калды. Мына ушул нерселерди өз-өз ордуна коюш керек. Мен мурда депутат болгом, бул жагынан тажрыйбам жетишерлик деп ойлойм.

--Азыр саясатка, деги эле бардык чөйрөлөргө жаштар келиши керек деген ураандар көп айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

--Туура, биз “келечек жаштардыкы” деген ураан менен чоңойгонбуз. Бирок бүгүнкү турмуш, шарт ага кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Келечек илимдүү, билимдүү, мекенчил жаштарга таандык. Кеп жашта эмес, башта болуш керек. Жаштан башка жеткенге чейин өтө көп убакыт, түйшүк талап кылынат. Ошондуктар ортолукту табыш керек.

 --Шайлоочуларга каалооңуз?

--Биринчиси, шайлоочуларбыз жакшы, алдыңкы партияга чын жүрөгү менен добуш беришин каалайм. Экинчиси, бир гана шайлоочулар эмес, жалпы элибиз тынччылык-аманчылыкта, токчулукта жашасын. Элибизде эч кандай жамандык болбосун. Ар кандай апааттардан сактасын. Азыркы кыйынчылыктардан чыгып, мурункудай бактылуу турмушта жашашын каалайм. Жүрөгү таза, пейили ток болсун. Эл эч жамандык көрбөй, дайыма эл аман болсун!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости