www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлиндеги «Шарите» ооруканасында дарыланып жаткан орусиялык саясатчы Алексей Навальный комадан чыгарылгандан кийин өзүнө келди. Бул тууралуу The Insider, Bellingcat жана Der Spiegel басылмалары өз булактарына таянып билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Навальный ууланганга чейин болгон бардык окуяларды, Томск-Москва каттамы менен учуп келатканда өзүн жаман сезгенге чейин эмнелер болгонун эстеди. Ага башка кишилер да киргизиле баштады — буга чейин саясатчынын палатасына дарыгерлер жана аялы гана кирүүгө укуктуу болчу.

Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш басылмалардагы билдирүүлөрдө так эмес маалыматтар көп экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости