www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азыркы кезде ар бир экинчи адам репортер, блогер болуп калгандай. Эгер бул жагын эсепке алсак, баардык эле адамдар журналист боло алабы? Жеке сиздин көз карашыңыз кандай, бул тармактагы адам катары өзгөчөлүгүңүз эмнеде?

- «Ар бир эле экинчи адам журналист болот» дегенге мен кошулбайм. Ооба, маалымат тар-катуучу, социалдык тарматын активдүү колдонуучусу болушу ыктымал. Бирок, журналист болуу бул өтө чеберчиликти талап кылат. Биринчи кезекте журналист сабаттуу жазыш керек. Журналистиканын эрежелерин билип, аны сакташы абзел. Жанрларын өздөштүрүп, коомчулукту артынан ээрчиткенди билиши да шарт. Ошону менен катар берген маалыматы үчүн бийик жоопкерчилик бар экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Мындай деңгээлге блогер же соцтармактын активдүү колдонуучусу болгон адам жете албайт. Ал учүн сөзсүз түрдө даярдык керек.

- Чыныгы журналисттин улгүсү катары кимди көрөсүз? Сизден күчтүү жана ийгиликтүү кесиптешиңизге көз артып, ичиңиз тарыган учурлар болду беле?

- Чыныгы журналистиканын үлгүсүн көрсөткөндөр абдан көп. «Биздегилердин баары сабатсыз болуп кетти» дей албайм. Улуу муундагы журналисттер бар. Аты чыгып аткан жаш, иликтөөчү журналисттер коомго өзгөчө салым кошуп келишет. Алар универсал болуп баратышат... Мен өзүмдөн ийгиликтүү журналисттерди көргөндө суйүнөм. Менден мыкты, идеяга бай журналисттер көп. Тескерисинче, аларды көрүп үйрөнөм, изденем. Эгер күчтүүлөр болбосо, кимге карап түздөнмөк элем?

- Сиз өзүңүздү Би-Би-Сиде, же парламенттин пресс-кызматында иштеген учурда эркин сезчүсүзбү? Айырмачылыктарына токтоло кетсеңиз?

- Эки тараптын функциясы эки башка. Дүйнөлүк деңгээлдеги медиада иштеп, алардын эрежелерин, ыкмаларын, технологиясын үйрөндүм. Би-Би-Си эркиндик менен бирге сөздүн жоопкерчилигин, маалыматтынын тактыгын, калыстыктын маанилүүлүгүн үйрөттү. Ал эми парламенттин басма сөз кызматын жетектеп турганда деле калыс журналистиканын позициясын сактанга аракет кылдым.

- Журналисттердин кайсы бир саясатчынын жактоочусу (айрыкча соцтармактардагы фейк аккаунттар) катары иштегенине кандай көз караштасыз?

- Меним оюмча, журналист саясий күчтөрдүн куралына айланып калбашы керек. Эгер ал андай жолду тандай турган болсо, анда ал журналист эмес, пиар-технолог катары эле калып калат. «Журналист катары таанылып, эл ишенимине жетем» десе, анда ал көз карандысыз, бейтарап, калыс болушу зарыл. Жада калса, өзү кызмат кылган жерде да калыстыктан тайбашы шарт. Ошондо гана коомдун ишенимине ээ болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости