www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров айланасына эски саясатчыларды чогултпай, тазаласын. Алар мамлекеттик кызматтарга жолобуш керек. Үй-бүлөсү менен отурсун. Мындай пикирди саясатчы Нурлан Мотуев “NazarNews” маалымат агенттигине маек куруп жатып айтты.

--“Садыр Жапаров айланасына эски саясатчыларды чогултпай, тазаласын. Ал шакалдар 10 жылга чейин мамлекеттик кызматтарга жолобосун. Өздөрүнүн үй-бүлөсү менен бизнесин кылып отурсун. Ал шакалдарды бийликке жолотпосун. Эл тажады, ишенбей калды. Мен Садыр жапаровду колдойм. Буга чейин дагы колдоп келгем. 2012-жылы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов болуп камалганда колдоп чыккам. 1000ден ашык аксакалдар мени лидер кылып шайлап, Ак үйдүн алдына келип, аларды чыгарууну талап кылганбыз. Мен ал жерден Куран окугам. Ошондо көрө албаган бийлик мени камады. Бул тууралуу жалпы коомчулук билет, саясатта жүргөн инсандар жакшы билишет. Бир канча жыл мурда Садыр Жапаров экөөбүз бир демилге менен чыгалы деп жүргөндө бут тосушту. Ошону баардык телеканалдар айтып, газеталар жазып чыгышкан. Бирок ал планыбыз ишке ашпай калды. Себеби, көрө албастар бизди жаман кылыштыМени камап салышты. Кийин 2017-жылы Садыр Жапаров “президенттик шайлоого катышам” деп келгенде аны камашты. Ошентип экөөбүз тең абакта отуруп калдык. Акыйкат барибир ачыкка чыгат. Мына биз дагы акталдык. Ошол кездеги көзүн май баскан Атамбаев өзү камалып отурат. Атамбаев кыйындардын баарын каматты. Мисалы, мени, Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди жана көптөгөн адамдарды. Бул анын коркоктугу десек туура болот. Ал эми азыр Жапаровдун утуп чыкканы мамлекеттин оңолоорунан кабар берет. Эл кодоп, эл лидер кылган адамга биз жардам беребиз”- дейт Мотуев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости