www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жакшы иштеп жатат, жолдорду салып жатат”- деген сөзгө манчыркай түшкөнбү, айтор Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өзүнүн дарегине карата айтылган сөздөрдү четке кагып, керооздонуп сүйлөптүр. Маселен, анын дарегине “ТЭЦтеги авария убагында шаар башчы элге көрүнбөй койду” деп айтылган сөзгө карата: “Улам эле телевизорго чыккыдай мен диктор эмесмин” деп Бишкек шаардык кеңешинде өзүн бир укмуш сезип корсулдап алды.
Биринчиден аны диктор деп эч ким айткан жок, экинчиден, андан күн сайын ТВга чыгып маалымат бер деп талап койгон эч ким жок. Болгону ошол кыйын кырдаалда элге чыкпай койгону ачык айтылса, минтип чычалап кетиптир. Бүгүн кызматта иштеп жатса, эртең кызматтан кандай абалда кетерин ойлосун. Чынында Албек мырза, дикторлукка да такыр жараксыз. Ал эми мэрлик кызмат атасынан калган эмес. Азыр башка заман. Андыктан диктаторлукка да жол жок…
Булак: "Багыт"