www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда учурда белгилүү он чакты саясатчыга карата козголгон төрт кылмыш иш каралып жатат. Алсак, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековду Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен 12-20 жылга эркинен ажыраткан. Алар менен бирге айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.
Бүгүнкү сотто Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм угузулганы турат. Аны Бишкектин Ленин райондук соту юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган деп таанып, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка шериктеш болуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаткан деп айыпталган Карганбек Самаковду Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.
Булак: NazarNews.kg