www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Береги тасма аз күн мурун казактардьгн бир катар сайтына жарыяланып, кызуу талкууга алынган. Казак коомчулугу мындай кинону тарткан казак режиссёрун жектеп, укмуш сынга алышкан. Көрүп олтурсаң, казак режиссеру мындай кадр менен жаңылык киргизгиси келсе керек. Жаңылыгы жерге кирсин.

Мындай ат үстүндөгү "айкашуу" адаттан тыш көрүнүш эмеспи. Анан кал-са, ошол кинодо эркектин ролун кадимки элибиздин белгилүү актёру, "Кожожаш" тасмасында, "Кожожаштын" ролун ойногон, КРнын эмгек сиңирген артисти Доктурбек Кыдыралиев аткарса, аялдын ролун музыка дүйнөсүнүн айтылуу алпы Асанкан Жумакматовдун небереси Эрке Жумакматова ойноптур.

Кыязы, мындай ат үстүндөгу ачык эпизоддор бар киного тартылуудан казак актёрлору баш тартышса керек. Анда эмне, аттуу-баштуу эле актёрубуз менен актрисабыз элден уялышпайбы. Же көп акча төлөп берсе, макул болушканбы? Чынында мындай ачык кадрлар кыргызга да, казакка да аброй алып келбейт. Неге дегенде эки тууган элдин менталитетине эч туура келбеси маалым. Маалымат катары, айта кетсек, Кыдыралиев казактардын "Кош бол, Гүлсарат" баштаган 15-20дай киносуш тартылып, казак коомчулугуна да кеңири таанымал.

Булак: "Багыт"

Последние новости