www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Китеп окуу өмүрдү 2 жылга узартат. Бул – Йель университетинин окумуштуулары далилдеген факт. Китеп окуганда мээ клеткаларынын арасындагы байланыш күчөйт. Бул өз кезегинде нейродегенеративдүү оорулардын пайда болуусунан сактайт. Китеп окуу эске сактоо жөндөмүн жакшыртып, депрессия менен күрөшүүнүн жакшы ыкмасы болуп саналат - деп жазат ZAMAN.KG сайты.
Окуу стрессти төмөндөтөт
Окумуштуулар менен дарыгерлер стресстин – адам организминдеги оорулардын 60 пайызынын себепчиси болоорун айтып келишет. Узак убакытка созулган стресс инсультту 50 пайызга, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуусун 40 пайызга жогорулатат. Ал эми китеп окуу стресстин деңгээлин 68 пайызга төмөндөтө алат экен. Болгону 6 мүнөт китеп окуу жүрөктүн согушун жакшыртып, булчуң эт кычышканын басат. Бирок бул деген монитордон карап окуу деген эмес.
Окуу уйкусуздукту дарылайт
Көптөгөн адамдар жатар алдында планшет менен телефонду карап жатышат. Алардан чыккан көк түстүү жарык организмдеги мелатонин (уйку гормону) гормонунун бөлүнүүсүн алсыратат. Ал эми китеп окуу жатар алдында уйкуну чакырат экен.
Китеп окуу кыйын учурлардан чыгууга жардам берет
Кээбир адамдар китепти чындыктан качуу деп эсептешет. Бирок, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй китеп окуу коомдогу жөндөмдөрдү жогорулатарын көрсөткөн. Китепти көп окуган адамдар башкалар менен тил табышып, кыйын учурлардан чыгуусуна, керек болсо жакшы көргөн адамын түшүнүүгө да жеңилирээк болот экен.
Булак: NazarNews.kg