www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул тууралуу 30-майда "Апрель" телеканалына түз ободо маек куруп жатып билдирди. Ал "ТНК Дастан" ишканасы жабык ишкана экенин, ошондуктан телеканал аркылуу көп маалыматтарды айтууга мүмкүн эместигин билдирди. Ибраимов бул ишти саясий негизде козголгон деп да айта албастыгын белгиледи: Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
- Мен бул иштин артында саясат турат деп айта албайм. Анткени, азыр бардык жерде, мекемелерде текшерүү жүрүп жатат. Мен аны кубаттайм. Ал эми "Дастандагы" иш боюнча чындыкты тергөө аныктайт, ал эми акыркы чекитти сот коет.
30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Тергөөнүн материалдарына караганда, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар суммасында белгиленген.
Ошол эле учурда “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.
Муну менен “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын 30% үлүшү ошол учурда “ТНК Дастан” ААКсына тиешелүү болгон. Факт боюнча тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg