www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карганбек Самаковду анын уулун, уулунун досторун коррупция беренеси менен камап койгону акылга сыйбаган иш. Себеби коррупция беренеси тек гана мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү. Жаза кодексинде бул беренеге так аныктама берилген. К.Самаков жер трансформация болгон учурда жеке ишкер болгон. Ооба, ал киши үч чакырылыштын депутаты болуп кызмат аркалаган.
Ошондуктан 2014-жылы Самаковду камагыла деген саясий буйрук түшкөндө алгач Башкы прокуратура Самаковдун 15 жылдык депутаттык ишмердүүлүгүн ийне жибине чейин текшеришкен. Ал тургай депутат боло элек Нарындагы ишмердүүлүгүнө чейин казышкан. Ондогон адамдарды каршы көрсөтмө берүүгө үндөшкөн. Алардын ичинен мурунку жардамчыларын дагы. Бирок эч майнап чыкпай прокуратура Өкмөттрансформация кылган токтомдон иш токуп башташат. Бул токтомго 200гө жакын мамлекеттик кызматкери кол койгон. Ошол кызматкерлердин бирин да коррупция беренеси менен жоопко тарткан эмес. Себеби кымындай мыйзам бузуу табылган эмес.
Мындай токтомдордун биздин адвокаттар 150 жакынын текшерип, баары бирдей эле тартипте мыйзамдын негизинде чыгарылганы соттон белгилүү болгон. Бирок К.Самаковду камаш керек да. Ал 2014-жылы жаны эле «Биримдик» аттуу партия тузуп, шайлоого камданып жаткан учуру эле. К.Самаковду жалгыз Башкы прокуратура эле эмес, үлкөн саясатчылар дагы саясаттан четтетүү, каматып жоготуу максатын көздөшкөн.
Айлалары кетип акыры Камиль Умаров аттуу Байтик айылынын тургунун табышып оозеки келишим түзөт: «К.Самаковго каршы арыз жазган топ табасың» деп. Ар бирине 4 миң доллардан убадаланат. Муну уюштурган саясатчынын атын Орозо айында атабай эле коелук, өзү дагы кырсыктап турган чагы. Ошентип Камиль Умаров өзү жана дагы бир жакын адамы тергөөдөн каршы көрсөтмө берет. Бирок өзүнүн акчасын алданып ала албай калып, соттон мунун баарын айтып берген. Эмнеге жалаа жаптырганга мажбур болушкан?
Себеби, жер саткан адамдын арыз-доосу жок, базар экономикасынын шартына ылайык өз баасынан жогору өздөрүнүн МЕНЧИК жерин өз ыктыярлары менен сатышкан. Бул бүгүнкү күнү деле болуп жаткан эле көрүнүш. Квартира, машина сатып алабыз го? Ага тыюу салынган эмес го? Дал ошондой эле көрүнүш. Соттон Камиль Умаров, анын досунан сырткары дагы 59 күбө суралган. Ошонун 59 тең К.Самаковго дооматыбыз жок дешкен. Көбү сыртынан гана тааныйбыз дешкен.
Эми Жаныш Бакиев тууралуу жөө жомокко кенен токтолгубуз да келбейт. Кыскача айта кетсек, К.Самаков Жаныш Бакиевге Араб Эмираттарынан келген 10 чакты инвесторлордун, котормочу, өзүнүн жардамчыларынын көзүнчө күрөң дипломатка салып алып, 1 млн доллар пара бериптир имиш. Эксперимент көрсөткөндөй ал дипломатка анча акчанын теңи да батпайт экен. Андан сырткары мурунку жардамчысы А.Таштанбековду коркутушуп, "К.Самаковду Жаныш Бакиев менен офисинде жолуккан", деп айтасың дешкен.
Көрсө, тергөөчү Сейитов, 2008-жылы Жаныш Бакиевдин офиси Дзержинка-Жибек жолу көчөсүндө деп ойлоп тааптыр дагы, дарегин Таштанбековго айттырыптыр. Бирок сот учурунда анын офиси Шопоков көчөсүндө жайгашкан экени бизге да күтүүсүз маалымат болуп чыкты. Жаныш Бакиевдин алдында иштеген үч кызматкери К.Самаков келген эмес, тааныбайбыз дешкен. Ал үчөөнү тергөөчүлөр сотко өздөрү алып келген. Мына караалоонун жеткен чеги, мурдагы бийликтин карасанатайлыкка кадамы.
Эми, К.Самаков 2007-жылы Ө.Текебаевдин орун басары болуп отурса, шайлоого "Ата-Мекен" саясый партиясынан барып атса, шайлоодон "Ата-Мекен" саясый партиясынан мыйзамсыз четтетилип атса, Ж.Бакиев менен кантип дос болот эле? Дос болсо неге К.Самаков үч жыл уйдо отурду, досунан бир кызмат сурап албай? Айтып отурса Самаковго каршы мындай мыйзамсыз иштер көп болгон. Ток этеери Карганбек Самаков ак, мыйзам бузган эмес. Коррупционер болсо биздин чакан мамлекетибизде тез эле сөз тарап, жабышып калмак. Тескерисинче, мамлекеттик телеканал, гезиттерден байма-бай каралап жамандаганы жуккан жок. Ошол кезде биз дагы колубуздан келишинче маалымат берүүгө аракет кылдык, бирок «кислородту бууп, доступ жабып коюшкан»...
Муратбек Сагынбаев, Нарын облусунун тургуну
Булак: NazarNews.kg