www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО 2017 – жылы биримдикке кошулган Черногориянын аба мейкиндигинин коопсуздугун түзө тургандыгын билдирди.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабынан берилген маалыматта эки НАТО союздашы Италия менен Грециянын аба күчтөрүнүн 5 -  июндан баштап Черногориянын аба мейкиндигинде күзөттө турары белгиленди.

Чечимдин Черногриянын талабы боюнча чыгарылгандыгы белгиленген маалыматта өлкөнүн өз аскердик учактары болбогондугу үчүн аба мейкиндигинин коопсуздугун НАТО мүчөлөрүнүн түзгөндүгү белгиленди.

НАТОнун өз аба күчү болбогон союздаштарга мындай жардам бергендиги белгиленген маалыматта мунун союздаштыктын «коллективдүү коргонуу» түшүнүгүнүн бир бөлүгү экендиги баса белгиленди.

Португалия менен Франция, Балтика өлкөлөрү Латвия, Литва жана Эстониянын аба мейкиндигин коргоп жатат.

Италиянын учактары Словенияга колдоо берип Британия да Румыниянын аба мейкиндигинде күзөт учушун аткарууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости